При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Жумгал райондук сотунун имараты оңдолуп жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун кеңсеси капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук сотунун төрагасы А.Абдыбеков билдирди.

Маалым болгондой, облустук сот департаментинин директору Р.Болотбеков алдыдагы оңдоо иштерине мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан каражаттарды эффективдүү пайдалануу үчүн Жумгал райондук сотунун имаратын көрүп чыкты.

Райондук соттун имараты СССР тарагандан бери оңдоп-түзөө иштеринен өткөн эмес. Эскилиги жеткен имараттын чатырларынан суу агып, кыш айларында жылуулук системалары көйгөй жаратып келген. Кызматкерлердин айтымында, бөлүнүп жаткан каражаттар жаралып келген көйгөлөрдү толугу менен чечкенге мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 614
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу