При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Фото - Айылдыктар көмөч нанды кантип бышырат?

Turmush -  Көпчүлүгүбүз алыскы айылыбызды эстегенде короого атайын кертилип даярдалган көңгө апабыз бышырган көмөч нанды элестетебиз. Мына ошол нанды бышыруунун сырларын Жумгал районунун тургуну Райкүл Асаналиева аймактык кабарчыга айтып берди.

IMG_4276~1

«Көмөч нандарды бышыруу үчүн көмөч казандар СССР мезгилинде атайын темирден куюлуп жасалган. Капкагы дагы темирден даярдалат. Нан бышырууга алгач кертилген 5-6 даана көң керектелет. Аны атайын бөлүп, тегерек кылып калап алып, от жагабыз. Камыр салынган көмөч казан кызарып даяр болгон чокко коюлат. Ага бышкан нандын даамы электр жарыгына бышырылган нандан айырмаланып турат. Айылдыктардын көбү нанды көңгө бышырышат», - деди Асаналиева.

Ал айылда 20 жылдан бери көмөчкө нан бышырып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1914
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу