Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Нарын

Видео, фото - БАУнун студенттерин чөгөлөткөн нарындыктар чет элдик мугалимдерден кечирим сурашты

Turmush -   

Бүгүн, 9-июнда Борбордук Азия университетинин имаратына келген Нарын шаарынын жаштары аталган окуу жайдын эмгек жамаатынан кечирим сурашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, чогулган жаштар БАУнун эки окутуучусунан кечирим сурап, эмоцияга алдырышканын билдиришти. Ошондой эле, алар окуу жайдын эки мугалимине «Манас» эпосунун китебин берип, калпак кийгизишти. Алар менен бирге барган өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов эки тарапты ынтымактуу кызматташууга чакырды.

«Биз бүгүн атайын БАУнун окутуучуларынан кечирим сураганы келип, бири-бирибизди кечириштик. 27-майда болгон чырга байланыштуу БАУнун эки студентин өлкөдөн чыгаруу талабын койгонбуз. Эми бул окуу жайда окуган студенттер менен ынтымакка келип, бирге иштешебиз», - деди жергиликтүү тургун Б.Эстебесов.

Борбордук Азия университетинин мугалими Диана Пауна эки тараптын ынтымакка келгенине ыраазы болгонун билдирди.

«Эки тараптын ынтымакка келгени абдан жакшы болду. Буюрса биз кийинки окуу жылынан баштап, студенттерге кыргыз тарыхын окутуп баштайбыз. Бизге берген белекке ыраазыбыз. Эми жергиликтүү жаштар менен тыгыз байланышта болуп, мындан ары ынтымагыбызды бекемдейбиз», - деди Д.Пауна.

Эки тарап бири-бирин кечиришкенден кийин тарап кетишти.

Бул окуя боюнча Нарын ОИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иш козголгонун маалымдады. Ал эми, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен студенттердин ортосунда болгон чырдын себептерин тыкыр иликтөөнү жергиликтүү бийликке тапшырды.

Буга чейин Turmush басылмасына маалым болгондой, кечээ, 8-июнда Нарын шаарында 100гө чукул жаштар митингге чыгып, БАУнун студенттери алардан кечирим сурашын талап калышкан.

Алардын айтымына караганда, 27-майда университеттин спорт залында Нарындын жаштары менен аталган окуу жайдын студенттеринин ортосунда баскетбол мелдеши өткөн. Оюндун жүрүшүндө эки команданын ортосунда чыр чыгып, университетте окуган балдар жергиликтүү жаштарды ур-токмокко алышкан.

Митингге чогулган жаштар менен жолугушууга А.Кайыпов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана аталган окуу жайдын мугалимдери келген. Анда, митингчилер БАУда окуган студенттерди чөгөлөп кечирим сурашын талап кылышты.

Кызуу кандуулукка алдырган жаштар БАУнун студенттери турган тарапка отургучтарды ыргытып, кыр көрсөтүп, окуу жайдын мугалимдерин оңтойсуз абалга калтырышты. Абал тынчыган учурда жаштардан окуу жайдын студенттери чөгөлөп кечирим сурашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7473
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 49 адам окуп жатат)
×