Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Жаш талант: 5 жашынан ырдаган ат-башылык Бегимжан жакындарына концерт тартуулап турат (видео, фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 11 жаштагы тургуну Бегимжан Турсун кызы 5 жашынан тартып ырдап, ар кандай сынактарга катышып келет. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

«К.Кермалиев атындагы орто мектепте 5-классты бүтүрүп жатам. Ырдаганды абдан жакшы көрөм. 5 жашымдан тартып эле ырдап, ата-эмеме, бир туугандарыма концерт коюп берчүмүн. Кийин 1-класска киргенден баштап ырга болгон кызыгуум андан дагы күчөп, мектептеги майрамдык иш- чараларда ырдап калдым. Мугалимдер "сенин үнүң жакшы, келечекте мыкты ырчы болоруңа ишенебиз" деп калышат. Мектеп ичиндеги сынактарга жана "Жаш талант" кароо-сынагына катышам», - деди ал.

Бегимжандын үй-бүлөсүндө апасы Динара да жакшы ырдайт.

«Үй-бүлөбүздө мен эле эмес, апам дагы жакшы ырдайт. Андан сырткары шырдак жасап, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ошол шырдагын жасап жатканда ырдап отура берет», - деди ал.

Өзүнүн байкеси Сүйүндүктү кумир туткан Бегимжан келечекте мыкты ырдап, үнү менен дүйнөгө таанылган ырчы болууну кыялданат.

«Сүйүндүк байкем өтө аракетчил, билимдүү. Мага ар дайым жакшы кеңештерин айтып турат. Өзү Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Ошондой эле, "Нур" мектебинин чечендик өнөр жагын окуп, учурда ал жакта балдарга сабак берет.

Келечекте дүйнөгө таанымал ырчылардын катарына кошулсам деген кыялым бар. Ал кыялыма жетүү үчүн болгон аракетимди жумшайм», - деди ал.

Бегимжан үй-бүлөдө төрт бир туугандын кенжеси. Мектепте мыкты окуган окуучулардын катарында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1612
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×