Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Өспүрүм футболчулар арасындагы Нарын облустук чемпионат жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунда мектеп окуучулары арасында футбол боюнча өткөн облустук чемпионат жыйынтыкталды. Ага райондордон 14 жаштагы өспүрүмдөрдөн куралган беш курама команда катышты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жыйынтыгында 1-орунга Ат-Башы районунун командасы, 2-3-орунга Кочкор жана Нарын шаарынын курама командалары татыктуу болушту. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар тапшырылды. Ошондой эле, Өмүрбеков Эрбол «Мыкты дарбазачы», Бакыт уулу Адел «Мыкты коргоочу», Кежебек уулу Мырзабек «Мыкты жарым коргоочу», Чоробеков Рыскелди «Мыкты чабуулчу» наамына татыктуу болушту.  

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2091
Көп окулду
×