Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Нарын

Нарындын жаштары студенттер менен болгон жаңжалдан кийин митингге чыгышты (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-июнда Нарын шаарында 100гө чукул жаштар митингге чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, чогулгандар Нарындагы Борбордук Азия университетинин студенттери менен болгон жаңжалдан улам чыгышкан.

Алардын айтымына караганда, 27-майда Борбордук Азия университетинин спорт залында Нарындын жаштары менен аталган окуу жайдын студенттеринин ортосунда басткетбол мелдеши өткөн. Оюндун жүрүшүндө эки команданын ортосунда чыр чыгып, университетте окуган балдар жергиликтүү жаштарды ур-токмокко алышкан.

Митингчилер жергиликтүү жаштарды сабаган студенттерге чара көрүүнү талап кылып, университеттин алдына чогулушту. Алар менен жолугушууга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13801
Көп окулду
×