Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Нарын

Нарындын Төш-Булак аймагында тротуар жок, унаа сүзүп кетүү коркунучу жаралууда, - тургундар

Turmush -  Нарын шаарынын батыш чөлкөмүнө караштуу Төш-Булак аймагынын тургундары жол жээгиндеги тротуардын жоктугунан кыйналып келишет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Эркин Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, батыш чөлкөмдөн баштап лицей-интернат, № 9 орто мектеп жана «Ыйман» бала бакчасына чейин жөө өткөндөргө тротуардын жоктугунан ар кандай кооптуу абал жаралып келет.

«Балдарыбыз мектепке баткак кечип жетет. Чоң жолго чыкса унаа сүзүп кетүү кооптуулугу көптөн бери бар. Өзгөчө жаз, күз мезгилинде басууга такыр мүмкүн эмес. Шаар мэриясы бул маселеге тезирээк көңүл бурбаса кырсыктар көп болушу мүмкүн» - деди Э.Асаналиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1825
Көп окулду
×