Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Жаш талант: Ат-башылык Кипарис чоң атасына болгон сагынычын ыр жазып таратат (видео, фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 15 жаштагы тургуну Кипарис Талайбек кызы жазуучу К.Керималиевдин небереси. Ал чоң атасынын жолун жолдоп, чыгармачылык менен алектенүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жазган ырларынын көбүн чоң атасына арнаган.

«Мен 7 жашымдан тартып ыр жазып келем. Маркум чоң атам К.Керималиев акын, дастанчы, жазуучу болчу. Бул талант андан калып, үй-бүлөдө жалгыз мен ыр жазам. Ырларымдын көбү чоң атама арналып, ага болгон сагынычымды баракка түшүрөм. Жазган чыгармаларымды чогултуп, чоң атама арнап, китеп кылуу кыялымда турат.

Ыр жазуудан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенип, түрдүү азем белектерди жасайм. Мектептен же үйдөн майрам күндөрү кыздардын чачтарын түрлөп жасап, аларга кубаныч тартуулайм», - деди жаш талант.

К.Талайбек кызы үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Келечекте дизайнер болгусу келет. Учурда чоң атасынын ысымы берилген К.Керималиев атындагы мектепте 8-классты аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1755
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×