Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Видео, фото - Кара-Кечедеги коомдук жатакананын бузулушуна каршы болгондор нааразылык акциясына чыгышты

Turmush -  Жумгал районунун Кара-Кече аймагындагы коомдук жатакананын имаратын бузууга каршы болгон жергиликтүүлөр кечээ, 7-июнда нааразычылык акциясына чыгышты. Коомдук жатакана мурунку президент А.Акаевдин аялынын «Мээрим» фондусу тарабынан демилгеленип, мамлекеттин эсебинен курулган.

Нааразы болгон Кара-Кечени коргоо комитети, жергиликтүү активисттер, айылдык кеңештин айрым депутаттары имаратты бузуу иштерин райондун прокурорунун тапшырмасы менен бир жумага токтоттурушту.

Аталган аймакта 2 кабаттуу жатакананын эки имараты 2000-жылга чейин кеминде 500 адамга ылайыкташтырылып курулган. Жатакана «Ак-Улак» көмүр карьеринин балансына өтүп, кийин жеке менчикке сатылып кеткени тууралуу маалыматтар эл ичине тараган. Андан кийин 800 миң сомго сатылып кеткен жатакананын 1 имараты бузулуп, курулуш каражаттары жыйналып баштаган.

20170607_154837

«Бизде балдар лагери деген жок. Ушул коомдук жатакананы райондун активисттери балдар лагери кылып уюштурмак. Мурдагы премьер-министр Т.Сариевге да кайрылып, анын убадасын алганбыз.

Биз башыбыздан 2 революцияны өткөрүп, жатакананы сактап калганбыз. Азыр эмне үчүн аны талкалап кетиши керек? Жакын арада Жумгал эли көтөрүлүшкө чыгабыз», - деди Кара-Кечени коргоо комитетинин төрайымы А.Түлөбердиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2225
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×