Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Жумгал районунда 3 күн электр жарыгы жок болот, - Жумгал электр тармактар ишканасы

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары Жумгал райондук электр тармактар ишканасы эскертүүсүз 3 күн электр жарыгын өчүрө турганына нааразы болууда. Бул тууралуу айыл жашоочулары аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымдарында, аталган ишкана тургундарга 3 күн бою электр жарыгы берилбесин эскертишкен эмес. Тургундар 8-июндан тартып 11-июнга чейин электр жарыгы өчүрүлө турганын бүгүн угушкан.

Ишкананын маалыматы боюнча, оңдоо иштерине байланыштуу райондун аймагында 8-9-10-июнь күндөрү күндүз электр жарыгы берилбейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 838
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×