Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Нарын

Эмгекчилдеги бүтүрүүчүлөр муктаж үй-бүлөгө жаңы курулган үйдүн ачкычын тапшырышты (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы мектептин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү айылдагы жардамга муктаж үй-бүлөгө куруп берген үйдүн ачкычын тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга иш-чараны уюштуруучу Үсөн уулу Айбек билдирди.

Маалым болгондой, ачкычты тапшыруу иш-чарасына айыл тургундары, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышып, коноктордун алдында кызыл тасма кесилип, үйдүн ачкычы ээсине салтанаттуу тапшырылды.
Жаштардын бул ишине ыраазы болгон үй ээси малын союп, дасторкон жайып, чогулгандардан бата алды.

Буга чейин Turmush басылмасына маалым болгондой, Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы мектептин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү айылдагы жардамга муктаж үй-бүлөнүн турак жайын курууга жардам көрсөтүшкөн. Алар 300 миң сомго керектүү жабдууларды алып, 25 бала 5 топко бөлүнүп, курулуш иштерин башташкан.
Бул үйдүн ээси Касымбек Асанакунов курулуш иштерин баштап, бирок 10 жылдан бери аягына чейин бүтүрө албай келген.
«Кыздарымдын баары турмушка чыгып кеткен. Аялымдын ден соолугу жакшы болбой, үйдүн курулушун өзүм жалгыз бүтүрө албай жүргөм», - деди ал.

Касымбек Асанакунов 5 кызды, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Улуу кайтыш болуп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1817
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×