При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Нарындык мугалим Р.Абдрашитов спорттун 5 түрү боюнча мелдештерге катышып жатат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылындагы К.Кермалиев атындагы орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары жана информатика мугалими Рамис Абдрашитов спорттун 5 түрү боюнча мелдештерге катышат. Алдыңкы орундарды ээлеген спортчу мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, спортко бала кезинен кызыгып, машыгып баштаган.

«Хоббим спорт менен машыгуу, мелдештерге катышуу болуп калды. Спорттун бардык түрүнө кызыгам. Азыркы учурда самбо, дзюдо, грепплинг, волейбол, кыргыз күрөшү боюнча машыгып, мелдештерге катышып жатам. 2007-жылы Бишкек шаарында өткөн самбо боюнча мелдеште 3-орунду, 2008-жылы дзюдо боюнча өткөн республикалык мелдеште 3-орунду, 2013-жылы грепплинг боюнча Бишкек шаарындагы мелдеште 2-орунду, 2013-2014-жылдары эрежесиз чабуул менен бир топ мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды алгам. 2006-жылдан бери Бишкектеги машыгуу залдарына барам», - деди ал.

Спортчу мугалим 2 дипломдун ээси.

«2011-жылы Бишкек гуманитардык университетинин психология факультетин бүтүргөм. 2011-2015-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде информатика факультетин аяктагам. Андан сырткары көптөгөн кыска мөөнөттүү курстардан окугам. Ата-энемдин жалгыз уулу болгондуктан өзүмдүн туулуп өскөн айылыма келип, 2014-жылдан бери Ат-Башынын Кызыл-Туу айылындагы К.Кермалиев атындагы орто мектебинде информатикадан сабак берип иштеп жатам. 2015-жылдан бери ошол эле мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенүүдөмүн», - деди ал.

Р.Абдрашитов үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 948
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу