Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Нарын

Нарын облусунда 350 мугалимге ифтар уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын облусунда билим берүү тармагында эмгектенип, орозо кармаган 350 мугалимдерге ооз ачтыруу иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Адеп башаты» коомдук фонддун Нарындагы мүдүрү Максат Таласбаев билдирди.

Анын айтымында, ооз ачтырууга облустун ар бир райондорунан билим берүү тармагында эмгектенип, орозо кармагандар чакырылган.

«Жыл сайын фонддун атынан орозо убагында облустагы мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлерге ооз ачтыруу уюштуруп келебиз», - деди М.Таласбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4176
Көп окулду
×