Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: 7 баланын энеси А.Усубалиева 25 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын 42 жаштагы тургуну Алтын Усубалиева 25 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Анын учурда 7 баласы бар. Кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, «Баатыр эне» наамын 2016-жылы алган.

«Менин 4 кыз, 3 уулум бар. Улуусу 24 жашта болсо, кичүүсү 2 жашта. Балдарымдын алды турмуш куруп, кичүүсү бала бакчага барат.

Кыздарымдын себин камдап, кол өнөрчүлүк менен 25 жылдан бери алектенем. Учурда курак курап, сайма сайып, шырдак, бут кийим сүргүчтөрдү жасайм. Бирок, эмгектеримди бир да жолу саткан эмесмин.

Чакан ишкана ачып, айылыбыздагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылып, товарларды чет өлкөлөргө сатсам деген оюм бар», - деди ал.

Жолдошу М.Жумабеков экөөнүн баш кошконуна быйыл 25 жылдын жүзү болду. Ал дыйканчылык менен алектенет.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 736
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу