Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык жеке ишкер Т.Мамбетказиев 6 жашынан темир ширетип иштеген (фото)

Turmush -  Нарын районунун Оттук айылынын 34 жаштагы тургуну Таалай Мамбетказиев бала кезинен темирлерди ширеткенди үйрөнүп, атасынын жардамчысы болуп иштеген. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинекейинде унааны ширетип оңдоочу жай ачууну кыялданып жүрүп, акыры тилеги орундалды.

«Атам Мамбетказы айылдын мыкты ширетүүчүсү болгон. 6 жашымдан тарта өзүнүн өнөрүн мага үйрөтүп, жанына жардамчы кылып алган. Ошол бала кезимден бери эле ушул ишти аркалап келем. 2008-жылы Оттук айылындагы №50 А.Ибраев атындагы кесиптик лицейдин ширетүүчү жагын аяктагам», - деди ал.

Т.Мамбетказиев окуусун аяктагандан кийин борбордон унаа оңдоочу жай ачып, аны 6 жыл иштеткен. Кийин айылдаштарынын суранычы менен кайрадан айылына кызмат кылууга келген.

«Айылдагы теңтуштарым, тааныштарым "өзүбүздүн эле айылга келип иштесең боло" дегенинен бул жактан аз каражат тапканыма карабай, 5 ай мурун кайрадан өз айылыма кызмат кылууга келдим. Иним Нурлан Мамбетказиев экөөбүз биргелешип ачкан унаа оңдоочу жайды иштетип жатабыз», - деди жеке ишкер.

Ал учурда айына 6 миң сомдой киреше табат.

«Бул ишимден айына 6 миң сомго жакын каражат табам. Кээде бош убактым болуп калганда буйрутма алып, дарбаза, үй жылыткычтарды дагы жасай калам», - деди ал.

Ишкер үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1787
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×