Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Кочкордун Кош-Дөбө айылында Балдар күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагында 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата иш-чара өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бул иш-чара Кара-Саз айылдык маданият үйүндө өтүп, ага айылдагы бөбөктөр жана алардын ата-энелери катышты. Бөбөктөргө «Энелер шаңы» фольклордук тобунун чоң программадагы концерти тартууланып, аягында балмуздактар таратылды.

Ошондой эле, айылдагы көп балалуу энелерге айыл өкмөт тарабынан белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, «Ата» бала бакчасындагы тарбиялануучуларга да таттуулар жана балмуздактар таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1134
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×