При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Кочкорлуктар министр Т.Исакунова менен жолугушту (фото)

Turmush -  Эмгек жана өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова Кочкор районунда иш сапары менен болду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, министр БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу райондун айылдарында ишке ашып жаткан долбоорлор менен таанышып чыкты.

Сапар алгач Ак-Кыя айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы аялдар жамаатынын, Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү «Маалымат борборунун», ошондой эле райондогу социалдык коргоо башкармалыгынын иштери менен таанышуудан башталды. Ошондой эле. жергиликтүү эл менен жолугушуулар уюштурулду.

Маалым болгондой, программанын жакырчылыкты жоюуга багытталган долбооруна Жалал-Абаддагы Базар-Коргон, Нарындагы Кочкор райондору кирген. Бир жылдан бери ал долбоор аркылуу аз камсыз үй-бүлөлөрдү ишке тартуу аркылуу каналдар тазаланып, кооптуу жайларга дамбалар курулуп, жолдор оңдолду. Эмгек акы катары азык-түлүк программасы аркылуу ун, тамак-аш майы таратылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 552
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу