При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Фото - Асынып алган Жумгал РЭСтин башчысынын орун басары Кочкордо акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Бүгүн, 29-майда Кочкор районунда Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын жетекчисинин орун басарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Жумгал РИИБден кабарлашты.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын жетекчисинин орун басары 27-майда болжол менен саат 21:40 чамасында Чаекте убактылуу жашап жаткан үйдө асынып алган.

Асынып каза болгон киши тууралуу Э.Матыев көчөсүнүн тургуну телефон аркылуу милицияга кабар билдирген. Окуя болгон жерге Жумгал РИИБдин кызматкерлери барып, 38 жаштагы эркек кишинин үйдүн ичинде кийим илинүүчү гардеробдун кармагычына байланган сары түстөгү кездемеге асынып, жерге бутун сунуп отурган абалда табышкан.

Учурда бул окуяга байланыштуу Жумгал РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесинин негизинде (өзүн-өзү өлтүрүү) козголгон иш каралууда.

Каза болгон орун басардын артында бир кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 883
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу