Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ак-талаалык 14 жаштагы балбан президенттин кубогу үчүн күч сынайт (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 14 жаштагы тургуну Калданазар Жумаалы уулу эркин күрөш боюнча президенттин кубогу үчүн күч сынаша тургандыгын машыктыруучусу Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, К.Жумаалы уулу Нарын шаарында өткөн мелдештин тандоо турунда атаандаштарын жеңип чыккан. Ал алдыңкы саптагы 14 балбандын бири катары тандалып, 26-майда Чүй өрөөнүндөгү Арашан айылында өтө турган мелдешке жолдомо алды.

Калданазар «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде 3 жылдан бери машыгуудан өтүп келет.

18582309_1899452113646884_5346154091087801469_n

18595555_1899452106980218_6930858965881123751_o

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1606
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:31,   16.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×