Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарын районундагы бала бакчалардын табиялануучулары спорттук мелдеште күч сынашты (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси Акматалы Белековдун жаркын элесине арналган спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Белеков билдирди.

Маалым болгондой, Нарын району боюнча өткөн мелдешке 31 бала бакчанын 50гө жакын тарбиялануучулары катышты. Алар тогуз коргоол жана шахмат оюну боюнча күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында тогуз коргоол боюнча баш байгеге «Жалгыз-Терек жоогазындары» бала бакчасынын тарбиялануучусу Аким Жыргалбек уулу, ал эми шахмат оюну боюнча «Садык ата» бала бакчасынын тарбиялануучусу Талант Жумакалиев ээ болушту. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом, велосипед жана Акматалы Белековдун жаркын элеси түшүрүлгөн медалдар тапшырылды.

Ал эми, 1-2-3-орундарды алган Абдыислам Мурадилов, Арууке Нурланбекова, Элмурат Бердибековалар тиешелүү даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Акматалы Белеков көп жылдар бою агартуу тармагында жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Бөбөктөрдүн мелдешинин жүрүшүнө райондун акими Түгөлбай Жанбоев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаркын Ибраева жана мекемелердин жетекчилери күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1087
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу