Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Нарын

«Жеңеке»: Жалал-Абаддан Нарынга келин болгон Б.Анарбаеванын күндө эртең менен эшик шыпырганын кайненеси койдурган

Turmush -  Жалал-Абадда чоңоюп, Нарынга келин болгон 22 жаштагы Бегимай Анарбаева башында Нарындын айрым салттарын билбей кыйналган. Аймактык кабарчы "Жеңеке" долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Жой-Белен айылында төрөлгөн. Жолдошу экөө 8 ай сүйлөшүп, баш кошуп, Ат-Башы районундагы Бирлик айылына келин болуп келген.

«Мен окуумду бүтүп, Бишкек шаарындагы нан бышыруучу цехте иштеп жүргөндө жолдошум Султан Жунус уулу менен таанышып калдым. Ал дагы ошол цехте иштечү. Экөөбүз 8 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ат-Башыга жаңы келин болуп келгенде каада-салттардын айырмачылыгынан кыйналдым. Алгач таң атпай туруп алып, эшиктин алдын шыпырчумун. Кайненем "шыпырбай эле кой, эл эмне дейт? Кышында келинин таң атпай эшиктин алдын шыпыртып жатат деп ойлошот. Бизде андай салт жок, жатып эс ал" деп кайра үйгө киргизип жиберчү. Биз жакта келин таң атпай туруп, эшиктин алдын шыпыруу салт болуп эсептелинет.

Мындан тышкары, чай куйгандан да бир аз кыйналдым. Бизде үйгө конок келгенде чайнекке чай демдеп, коноктордун алдына коюп коёбуз. Ал эми, бул жакта бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө чай ташып, куюп беребиз. Ошондой эле, жүк жыюу же төшөк көктөөдөн да айырмачылыктар бар экен. Салттардын барын жеңем Нурзат эки айдын ичинде үйрөтүп чыкты», - деди ал.

Бегимай жеңе жолдошу менен баш кошконуна быйыл 4 жылдын жүзү болду. Алардын эгиз уулдары жана дагы бир баласы бар.

«Биздин улуу уулубуз 2 жашта. Ал эми, кийинкиси эгиздер. Аларга үч ай болду. Азыртадан экөө бири-биринен айырмаланып, бирөөсү жоош, экинчиси абдан тың жана санында өзгөчө калы бар», - деди ал.

Б.Анарбаеванын кайненеси Кишимкан Тойтукова келининин жасаган тамактарын жактырып жейт.

«Келиним Бегимай тамактарды даамдуу жана түрлөп жасайт. Конок тоскондо өзүнүн чыгармачылыгы менен тамактын түрүн жасаганды жактырат. Үй-бүлөбүз менен мактап жейбиз», - деди К.Тойтукова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1308
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×