Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарындагы шахмат турниринде Эмгекчил айылынын окуучулары 18 медаль алышты

Turmush -  Нарын шаарында 6 жаштан 17 жашка чейинки окуучулар арасында шахмат боюнча турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектеп директору А.Мийзамалиева билдирди.

Маалым болгондой, бул мелдешке 170ке жакын окуучу катышты. Турнирдин жыйынтыгында Нарын районунун Т.Байбураев атындагы орто мектебинин окуучулары алдыңкы орундарды ээлешти. Жаш-курактык категория боюнча 6 окуучу 1-орунду, 6 окуучу 2-орунду, дагы 6 окуучу 3-орунду багындырышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 921
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×