Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Тоголок Молдо айылынын мугалимдери волейбол боюнча облустук мелдеште 1-орунду алышты (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин мугалимдери Нарын облусу боюнча өтүп жаткан спорттук мелдеште волейболдон 1-орунду ээлешти. Бул тууралуу аталган мектептин директору Гүлмайрам Нурманбетова аймактык кабарчыга билдирди.

Ошондой эле, кыргыз күрөшү боюнча Урмат Кадырбек уулу жана эркин күрөштө Урмат Нарынбек уулу 1-орунду алгандыгы маалым болду. Жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Учурда «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө!» аталышындагы спорттук мелдеште райондордон, айылдардан келген мугалимдер күч сынап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1386
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу