Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Нарын

Жумгалда Энелер күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасы менен райондо Энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара райондук маданият үйүндө болуп, ага райондогу бардык айымдар жана энелер катышты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө, райондун акими Адыл Сапаров жана анын орун басары Гүлбарчын Исакова энелерди куттуктап, ардак баракчаларын жана баалуу белектерин тапшырды.

Ал эми, иш-чарага ак элечек кийип келген апалар өз өнөрлөрүн тартуулап, «Шайыр апалар» сынагынын алдыңкылары гала-концерт коюшту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1970
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 3 адам окуп жатат)
13:02,   25.04.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×