Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо ырчы К.Кубатова жердештерине «Пейил вальсы» кечесин тартуулады (фото)

Turmush -  Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Кенже Кубатова кичи мекени Кочкор районуна өнөрүн тартуулады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ырчы К.Кубатова өзү билдирди.

Маалым болгондой, ырчы Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиндеги өзүнүн шакирттери менен бирге Кочкор районунун маданият үйүнө, андан соң өмүрлүк жолдошу обончу, ырчы жана комузчу Зайнидин Иманалиевдин туулган жери Кара-Күңгөй айылына «Пейил вальсы» кечесин өткөрдү.

Таланттуу ырчынын жердештери, санаалаштары жана туугандары жакшы маанайда тосуп алып, ак батасын беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1735
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×