Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Жумгалдын Миң-Куш айылында катуу шамал спорт залдын, бала бакчанын чатырын учурду

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагында кечээ, 18-майда саат 17:32 чамаларында ылдамдыгы секундасына 18-22 метрге жеткен катуу шамал катталды.

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, шамалдын кесепетинен Миң-Куш айылындагы спорт залдын, «Байчечекей» бала бакчасынын чатыры зыянга учурады.

Ошондой эле, Кабак айыл аймагынын Кызыл–Коргон айылындагы айрым короо, сарайлардын чатырларын шамал учурган. Ошол эле күнү райондук жана айыл аймактын жарандык коргонуу комиссиясы тактоо жана изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1178
Көп окулду
×