Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Нарын

Кызыл-Белесте айыл чарба техникасын сатып алуу үчүн тургундар 320 миң сом чогултушту (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн элдик марафон өтүп, андан 320 миң сом каражат чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, Германия кызматташтыгы уюму тарабынан айылга трактор, пресс-подборщик жана башка айыл чарба шаймандарын алуу үчүн сунушталган долбоор жактырылган. Бирок, 15% же башкача айтканда 300 миң сом каражат өздүк салым болуш керек. Ал үчүн айылдагы «Айыл ынтымагы - өнүгүүнүн ачкычы» деген ураан менен марафон өткөрүлүп, жергиликтүү тургундар тарабынан 320 миң сом топтолду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1658
Көп окулду
×