Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Нарын

Баетовдо «Жыл мугалими - 2017» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-майда Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде «Жыл мугалими - 2017» сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчү аныкталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин 18 мугалиминин ортосунда сынак өтүп, анын жыйынтыгында география мугалими Нуржамал Бекболотова жеңүүчү деп табылды.

Ошондой эле, жыл ичинде үлгүлүү жүрүм-турумдары менен өзгөчөлөнгөн, эң жакшы окуган жана спорттук, маданий, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулар сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2250
Көп окулду
×