Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Нарын

Нарында велосипедчен 19 жаштагы жигитти унаа коюп кетти (фото)

Turmush -  Кечээ, 16-майда болжол менен саат 19:30 чамасында Нарын шаарынын Ж.Шералиев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен 19 жаштагы велосипедчен жигитти «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаа коюп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган автоунаанын айдоочусу Ж.Шералиев көчөсү менен күн батышты карай бара жаткан. Ленин көчөсүнүн кесилишине жеткенде Эмгекчил айылынын 19 жаштагы тургуну А.У. коюп, автокырсыкка учураган. Анын кесепетинен жабырлануучу жаракат алып ооруканага жеткирилди.

Азыркы тапта тиешелүү материалдар Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

2

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1330
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×