Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарында облусунда суу каптоолордон сактануу аракеттери көрүлүп жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун аймагында суу каптоону алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, күн жылып абанын температурасы жогорулаганына байланыштуу облустун аймагындагы дарыя, суулардын деңгээли көтөрүлүүдө. Кайыңды айылындагы Кайыңды суусунун агымы адатта секундасына 35-45 м3 болсо, учурда секундасына 120-150 м3 түзүүдө. Ат-Башы суусунун жээктерин бекемдөө үчүн Жарандык коргонуу комиссия мүчөлөрү жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барууда. Кирпич заводу аймагында жайгашкан 3 үйгө жана айдоо аянтына коркунуч жаралган. Тянь-Шань аймагында жер алдындагы суулар 30 см чейин көтөрүлгөндүктөн 69 үйдүн короосун жана үйлөрдүн жертөөлөрүнө чейин суу кирген. 18-апрелден баштап суунун нугун буруу иш-чарасы жүргүзүлүп, 11-майдан тарта 144 габион торчолору коюлган. Базар аймагында Ат-Башы суусунун нугун буруу, дамба куруу иштери жүргүзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда суу каптоо коркунучу бар 27 аймак катталган. Алардын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМ тарабынан 11 миң литр күйүүчү май жана 9 миңден ашык габион торчолору, 8 миң кап даярдалган. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча облустагы айыл өкмөттөр тарабынан 2017-жылга 3 млн сомдон ашык каражат каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 577
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу