Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Нарын

Нарында ишкерлерге акысыз кеп-кеңештер берилди

Turmush -  Бүгүн, 17-майда, Нарын жаштар ордосунда облустагы жеке ишкердикти колдоо багытында ишкерлерге акысыз кеп-кеңештер берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара «Мен Кыргызстанды өнүктүрөм» долбоорунун алкагында өткөрүлүп, ага Ишкердикти өнүктүрүү башкармасынын төрагасы Чыңгыз Макешов, «Мен Кыргызстанды өнүктүрөм» долбоорунун башчысы Зарема Исмаилова, ишкердик боюнча кеңешчи Рыспек Бекембаев жана Нарын шаарындагы жеке ишкердик менен көп жылдан бери алектенип келе жаткан ишкерлер катышты.

Аталган иш-чара ишкердикти түзүү жана аны өнүктүрүү, ар тараптуу колдоо көрсөтүү аркылуу каржылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1652
Көп окулду
×