Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарындагы «Жаш мугалим» сынагында Н.Жумабекова 1-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Нарын районунда өткөн «Жаш мугалим» сынагында Ж.Мамбетов атындагы мектебинин мугалими Нурайым Жумабекова 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, сынакка К.Рысмендиев, К.Абиров, Ж.Иманалиев, Ж.Өмүралиев атындагы мектептерден келген 5 мугалим катышты. Жыйынтыгында Ж.Мамбетов атындагы мектебинин мугалими Нурайым Жумабекова 1-орунду, Ж.Өмүралиев мектебинин мугалими Чолпон Эсеналиева 2-орунду, Ж.Иманалиев мектебинин мугалими Жээнбай кызы Сейил 3-орунду ээледи. Калыстар тобунун мүчөлөрү ар бир мугалимдин сабагына катышып, өздүк портфолиосу менен таанышып, колго жасалган көрсөтмө куралдарын көрүштү. Катышуучулар ар кандай кырдаалдан чыгүүнүн жолдору боюнча берилген суроолорго жооп беришти.

Жеңүүүлөргө Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн грамоталары жана баалуу сыйлыктары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1045
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×