При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Ак-Талаада кош бойлуу энелер арасында сынак өттү (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ооруканасында кош бойлуу энелер арасында «Эне сүтү, эне-баланын ден соолугу — келечектин күзгүсү» аттуу сынак өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 16-майда райондук саламаттык сактоо мекемеси жана «SPRING» долбоор тарабынан уюштурулган сынакка катышкан кош бойлуу энелер күйүмдүү жар, бала эмизген жана эмизбеген энелердин бир күндүк турмушун чагылдырып, ошондой эле суроого жооп берүү тапшырмаларын аткарышты.

Сынактын жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө аталган долбоордун баалуу белектери жана райондук оорукананын ардак грамоталары ыйгарылды.

«Сынактын негизги максаты - наристенин жана энелердин ден соолуктарын сактоо, балага жана энеге мээримдүү мамиле жасоодо атанын ордун көрсөтүү, жаңы төрөлгөн наристелерди жалаң гана эне сүтү менен багуу. Анткени эне сүтү жаңы төрөлгөн балага зарыл болгон витаминдерди берет. Ошондой эле, эне сүтү бөбөктөрдү түрдүү оорулардан сактайт», - деди дарыгер Аида Көкөтаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 620
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×