При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Нарында мугалимдердин жетишсиздиги жоюлду

Turmush -  Нарын облусунда билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин, мугалимдердин жетишсиздиги жоюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук усулдук билим берүү борборунүн жетекчиси Касымбек Мамытов билдирди.

Анын айтымында, мурда облустун кээ бир айылдарында мугалимдер жетишпей келген.

«Бүгүнкү күндө облустагы билим берүү мекемелеринде жалпысынан 2800дөн ашык мугалим эмгектенип жатат. Мындан бир канча жыл мурун алыскы айылдарда мугалимдердин жетишпегендиги байкалган. Учурда жалпы облус боюнча кээ бир адистиктер боюнча 20дай гана мугалимдер жетишпей турат. Бул облуста мугалимдердин таңсыктыгы жоюлду дегенге барабар. Учурда облуста 58 миңден ашык окуучу билим алууда», - деди К.Мамытов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 286
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×