При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Нарында жардамга муктаждарга кийим-кече таратылды

Turmush -  Нарын шаарында аз камсыз болгон, жардамга муктаж болгон адамдарга кайрымдуулук фонд тарабынан азык-түлүк жана кийим-кече таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга фондун мүдүрү Талант Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында «Өмүр барда жакшылык тартуула» аталышында акция уюштурулган.

«Кийимдер жана азык-түлүктөр салынган баштыктар Нарын шаарындагы колдоого муктаж үй-бүлөлөргө берилип, үйлөрүнө жеткирилди. Бул үй-бүлөлөр фондго келип түшкөн кайрылуулардын негизинде каралган. Жардам берген боорукер аке-эжелерге терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле ар ай сайын ушундай муктаж болгон адамдарга колдоо көрсөтүп жардамдарыбызды берип турабыз», - деди Т.Ниязбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 294
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×