Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Видео, фото - Кара-Бүргөн айылында атасы, күйөөсү майып, 5 балалуу аялга үй курулуп жатат

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 42 жаштагы тургуну Айчүрөк Бирманбетованын үй-бүлөсүнө кайрымдуулук фонд тарабынан жардам берилип, 5 бөлмөлүү үй курулуп баштады. Бул тууралуу Айчүрөк Бирманбетова өзү билдирди.

Анын айтымында, атасы 83 жашта. Айылда жалгыз жашап жүрүп, кароосуз калгандыктан суук өтүп, баса албай калган. Ал эми, 49 жаштагы күйөөсү бир нече жыл мурда автокырсыктан улам 2-топтогу майып болуп калган. 23 жаштагы кызы талма оорусу менен ооруйт. Андан сырткары, 22 жаштагы кызы жана 16, 6, 3 жаштагы балдары бар.

«Мен үй-бүлөмдүн барын Бишкекте иштеп жүргөн 22 жаштагы кызымдын жөнөткөн акчасына жана өзүмдүн тапкан каражатыма багып келем. Күйөөм менен 1992-жылы турмуш куруп, 1999-жылы кичи чатыры жок үй куруп жашай баштаганбыз. Кийинчерээк күйөөм автоунаа кырсыгынан 2-группадагы майып болуп калып, турмуш-тиричилигибизде кыйынчылыктар болуп, үй курууга шартыбыз болбой калган. Ошол бойдон чатыры жок үйдө жашап келебиз.

Мен кайрымдуулук фондуна кайрылдым. Алар учурда үйүбүздү бузуп, 5 бөлмөлүү, душ жана башка бардык шарты менен үй куруп баштады. Бул кайрымдуулук фондуна кайрымдуу элдер акча жогултуп, такыр шарты жок үй-бүлөлөргө үй куруп жардам беришет экен», - деди А.Бирманбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1604
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу