При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Нарында «Жаш таланттар-2017» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарында Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлгөн «Жаш талант-2017» облустук кароо-сынагы жыйынтыкталды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ага райондордон жана Нарын шаарынан келген 300гө чукул окуучу катышты. Сынактын жыйынтыгында «Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча Нарын районунун окуучусу Нурбек уулу Улук, дастан айтууда Мырсалиев Медер, сүрөт өнөрүнөн Кочкор районунун окуучусу Кенжебай кызы Махабат, вокал жанры боюнча Жумгал районунан келген Старбеков Рыскелди, музыкалык аспапта кол ойнотууда Нарын районунун «Акак» фольклордук ансамбли, бий өнөрүн көрсөтүүдө «Адеми» бийчилер тобу 1-орунду ээлешти.

Жеңүүчүлөрдү өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева куттуктап, тиешелүү даражадагы дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×