Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Нарын районунда Энелер күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы М.Баетов атындагы маданият үйүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясы Энелер күнүн белгиледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага ар кыл тармакта эмгектенген 150гө жакын энелер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Жанбоев энелерди майрамы менен куттуктап, ардак грамоталарды тапшырды. Ал эми, акимдин орун басары Р.Жумаева апаларды «Асылзат нуру» жана «Эл сыймыгы» төш белгилери жана баалуу белектер менен сыйлады. Андан соң райондук маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты чакан программадагы концерт тартуулашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1734
Көп окулду
×