Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Германияда окуган Б.Ибраев өзүнүн айылдаштарына унаа оңдоочу жай ачты (фото)

Turmush -  Нарын районунун Оттук айылынын 40 жаштагы тургуну Болотбек Ибраев Германиядан унаа тетиктерин оңдоо боюнча билим алып келген. Ал айыл ичине атайын унаа оңдоочу жай ачып, ишкердик кылууда. Б.Ибраев менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, мындай ишкердик менен алектенүү үчүн бир топ аракеттерди жасаган.

«1997-жылдан 2002-жылга чейин жол кыймылын уюштуруу боюнча жогорку билим алгам. 2003-жылы Оттук айылындагы А.Ибраев атындагы №50 кесиптик лицейде техника сабагы боюнча мугалим жана 2008-жылдан 2014-жылга чейин ушул эле окуу жайда директордун орун басары болуп эмгектендим. 2014-жылы бул кесиптик окуу жай жабылып калып, жумушсуз отуруп калдык. 2007-жылы Германия өлкөсүнө барып, өндүрүштөн чыккан автоунааларды тейлөө, аларга диагноз коюу боюнча билим алдым. Ошол окуумдун арты менен айылга унаа оңдоочу жай ачып, кызмат кылып жатам», - деди ал.

Б.Ибраев мурда бардык кызматты өз колу менен жасап жүрсө, учурда жаңы техникаларды алып келип иштетүүдө.

«Бул иш менен 2016-жылдын башынан бери алектенип келем. Жаңы ачканда бардык иштерди өз колум менен жасап келгем. Ал көп убакытты да талап кылчу. Азыр болсо, жаңы техникаларды алдыртып, ишимди алдыга жылдырып жаткан учурум», - деди ишкер.

Ал айылдык кеңештин депутаты жана кредиттик союзда да эмгектенген.

«2006-жылы кредиттик операция боюнча кыска мөөнөттүү курсту окуп, 2007-2012-жылдары айылыбыздагы кредиттик союзда эсепчи-кассир болуп иштедим. 2012-жылдан 2016-жылга чейин айылдык кеңештин депутаты болуп дагы эмгектенгем», - деди ал.

Б.Ибраев кесиптик лицейде эмгектенип жүргөндө райондук администрациядан ардак грамоталар менен сыйланган.

Жубайы Анара Өмкеева экөөнүн баш кошкондоруна 14 жылдын жүзү болду. Учурда алар 2 уул, 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1702
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×