Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ат-Башынын Казыбек айылында ташталган мал өлүктөрүнөн жагымсыз жыт чыгып жатат, - тургундар (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын аймагындагы акыр-чикирлер убагында алынбай, анда ташталган мал өлүктөрүнөн жагымсыз жыт чыгып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Азамат Токтосунов билдирди.

Өзүнүн айтымында, айылда мындан бир ай мурун жалпы ишембилик өткөн, бирок кээ бир аймактарда чогулган таштандылар убагында алынбай, кайра айлананы булгап жатат.

«Жалпы ишембилик жарыяланып, бир ай мурда тазалаганбыз. Айылдын ичинде чогулган таштандылар чыккан. Бирок, Жеңиш паркында чогулган таштандылар чыкпай калды. Азыркы учурда чогулган таштанды айыл ичине шамал аркылуу учуп булгап жатат. Ошондой эле, айылда мурда шагыл алган карьер бар эле. Ал жерге эл ар түрдүү таштандыларды, малдардын өлүктөрүн таштап, айыл ичи жагымсыз жыттанып жатат. Айыл өкмөт болсо, ал карьерге таштанды төгүүгө тыюу салган. Азыркы учурда карьердин жанында кичинекей балдар ойноп, малдар оттоп жүрөт. Жагымсыз жыт аябай катуу жыттангандыктан адамдар ал жерден араң өтөт», - деди А.Токтосунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2309
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу