При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Кочкордо тарыхый-этнографиялык музей ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-апрелде Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектепте тарыхый-этнографиялык музейдин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мектептин мурдагы директору жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Бул музейди ачуу Бегайым Саринжиеванын демөөрчүлүгү менен ишке ашкан. Ал эми, аны мектептин мугалимдери Жумабек Болотбеков, Абдилбек Саадабаевтар негиздеп, тийиштүү иштерди аткарышкан.

Музейден Кыргызстандын байыркы тарыхынан баштап ушул күнгө чейинки урунттуу окуяларды камтыган тарыхый буюмдарды көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 495
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×