Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарында «Жаш талант-2017» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Turmush -  Нарын районунда мектеп окуучуларынын арасында өткөн «Жаш талант-2017» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, катышуучулар «Манас» айтуу, ыр, дастан, музыкалык аспапта ойноо, сүрөт тартуу, айкел жасоо, бий, кол өнөрчүлүк боюнча өнөр көрсөтүштү. Жыйынтыгында 6 окуучуга баш байге жана 33 окуучуга 1-2-3-орундар ыйгарылды.

Баш байгеге төкмө акындык боюнча Нурсултан Малдыбаев (Ө.Токтосунов мектеби), «Манас» айтуудан Болотбек уулу Аман (Ө.Токтосунов мектеби), бийден «Жаштык» бий ансамбли (Керимбай уулу Сарыбай мектеби), ырдоодон Эркинбек кызы Акмарал (М.Кенжакунов мектеби), музыкалык аспапта ойноо боюнча «Атай» комузчулар ансамбли (М.Иманалиев мектеби), дастан айтуудан Медер Мырсалиев (Түгөл уулу Усупбек мектеби) ээлешти.

Баш байге алгандарга ардак громота жана 1-2-3 –орун алгандарга тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2107
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×