При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Фото - Оттукта 2-класстын окуучусун кичи автобус сүзүп өлтүрдү (толугу менен)

Turmush -  Уулубуз мектепти жакшы баалар менен аяктап, чоңойгондо милиция кызматкери болууну кыялданчу. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жол кырсыгынан каза болгон 9 жаштагы Нурсултан Сабыровдун чоң апасы Майрам Кудайбергенова билдирди.

Анын айтымында, Нурсултан үй-бүлөдө туң уул болгондуктан үй жумуштарын жасап, ата-энесине дайыма жардам берчү.

«Балам Нурсултан үй жумуштарынан тышкары атасына мал каралашканга жардам берчү эле. Кечээ күнү мектептен "Бирге окуйбуз" долбооруна катышып, "суроолордун барына жооп бердим" деп сүйүнүп келиптир. Мектепте эң жакшы окучу. Чоңойгондо милиция кызматкери болом деп кыялданчу», - деди. М.Кудайбергенова.

Ал эми, каза болгон баланын агасынын айтымында, Нурсултан үй тараптан велосипед тепкени жолго чыккан.

«Нурсултан менин инимдин уулу. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Нурсултан жашаган үй жактагы жолдун жээгинде бир кран бетондорду түшүрүп жаткан экен. Ошол маалда Нурсултан велосипед тепкени жолго чыгат. Ал жолдо кран токтоп турганынан Каракол—Нарын каттамындагы жүргүнчү ташыган кичи автобусту көрбөй жолго чыгып кетиптир. Катуу ылдамдыкта келе жаткан кичи автобус Нурсултанды сүзүп, ал ошол эле жерден жан берген экен. Учурда айдоочунун жакын туугандары келип кечирим сурашууда», - деди Медербек Кудайбергенов.

Н.Сабыров 2-класстын окуучусу жана үйдө 5 баланын улуусу болчу.

Окуя кечээ, 11-майда саат 17:00 чамасында болгон. Андан кийин Оттук айылынын жүздөн ашык тургуну Бишкек—Торугарт унаа жолун тосуп чыгышты. Алар кечки саат 19:00 чамасында жолдон унааларды өткөрбөй, бир саат бою жолду тосуп, болжол менен бир чакырым аралыкка чейин тыгын пайда болду.

Айылдыктардын айтымында, мындай кадамга барышына Каракол—Нарын каттамындагы жүргүнчү ташуучу кичи автобус тогуз жаштагы баланы сүзүп кеткени себеп болгон.

Ошондой эле, чогулгандар бийликтен айыл ичине жасалма дөңсөлөрдү коюуну талап кылышты. Алар бул маселе боюнча бир нече жолу тиешелүү органдарга кайрылып, тилекке каршы оң жооп берилбей келгенин айтышты. Жол тосуучулардын билдирүүсүнө караганда, айылдагы унаа жолдон катуу ылдамдыктагы унаалар кишилерди сүзүп кеткен окуялар көп катталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1591
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу