При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Айыл турмушу: «Мыкты комбайнчы» наамынын ээси Ж.Болотов темирден түрдүү буюмдарды жасап сатат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Эчки-Башы айылынын 32 жаштагы тургуну Жаныбек Болотов 10 жашында темирден үй буюмдарын жасаганды жана унааларды оңдогонду үйрөнгөн. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы айылдын мыкты устасы болгон. Кийин анын устачылык өнөрү баласы Жаныбек Болотовго өткөн.

«Мен бул өнөр менен 10 жашымдан баштап эле алектенем. Атам Тургунаалы Болотов айылдын мыкты жыгач, темир устасы болгон. Ал мени дайыма жанында алып жүрчү. Атамдын көзү өтүп кетсе да, анын сүйүктүү кесибин мен улантып жатам», - деди ал.

Уста буйрутма менен темирден ар кандай буюмдарды жана мештерди жасайт.

«Көбүнчө мен жасаган буюмдарды жайлоого алып кетишет. Меш, кычкач, калак, казандын капкактарын, ашканага керектүү чөмүч, депкир, чычырканак эзгич жана малга аштоо, дарбаза, орус ээр, бешик, комуз, боз үйдүн түндүгүн жана башка көптөгөн буюмдарга буйрутма алып, үйлөргө жылытуу системасын дагы салып берем. Бул эмгектериме атайын бир баа койбойм, сүйлөшүү жолу менен арзан жасап берем. Мындан сырткары, жеңил унаадан тартып, айылдагы трактор, комбайнга чейин оңдойм», - деди ал.

Ж.Болотов устачылыктан тышкары комбайн менен айылдын эгиндерин чаап кызмат кылып, 2 жолу Нарын облусунун алдыңкы комбайнчысы болгон.

«Атамдан мага белек болуп калган комбайн менен айылга кызмат кылып келем. Облус боюнча 2002-жылы жана 2004-жылы эки ирет «Нарын облусунун мыкты комбайнчысы» наамын алып, грамота менен сыйлангам», - деди уста.

Ал жубайы менен бирге жашаганына 11 жылдын жүзү болду. Учурда алар 1 уул, 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 801
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу