Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Оттукта окуучуну унаа сүзүп өлтүрүп, айылдыктар Бишкек—Торугарт жолун тосушту (фото)

Turmush -  Кечээ, 11-майда Нарын районундагы Оттук айылынын жүздөн ашык тургуну Бишкек—Торугарт унаа жолун тосушту. Алар кечки саат 19:00 чамасында жолдон унааларды өткөрбөй, бир саат бою жолду тосуп, болжол менен бир чакырым аралыкка чейин тыгын пайда болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Айылдыктардын айтымында, мындай кадамга барышына Каракол—Нарын каттамындагы жүргүнчү ташуучу кичи автобус тогуз жаштагы баланы сүзүп кеткени себеп болгон. Ошондой эле, чогулгандар бийликтен айыл ичине жасалма дөңсөлөрдү коюуну талап кылышты. Алар бул маселе боюнча бир нече жолу тиешелүү органдарга кайрылып, тилекке каршы оң жооп берилбей келгенин айтышты.

Жол тосуучулардын билдирүүсүнө караганда, айылдагы унаа жолдон катуу ылдамдыктагы унаалар кишилерди сүзүп кеткен окуялар көп катталууда.

Нарын ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Төрөбай Бекбергенов эл аралык унаа жолго жасалма дөңсөлөрдү коюуга мыйзам жол бербестигин, бирок элдин талабы менен 12-майдан баштап айыл ичине 9 жасалма дөңсө коюларын билдирди.

Кечээ, 11-майда болжол менен саат 17:00 чамасында Оттук айылындагы жолдун жээгинен Каракол—Нарын каттамындагы жүргүнчү ташуучу кичи автобус мектеп окуучусун сүзүп кеткен. Ал алган катуу жаракаттан улам ооруканага жетпей каза болду. Бул окуя боюнча учурда кичи автобустун айдоочусу сурак берип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3425
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×