При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Жаш талант: 13 жаштагы Кубандык ширеңкеден, кагаздан сувенирлерди жасайт (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 13 жаштагы тургуну Турсун уулу Кубандык ширеңкеден, кагаздан түрдүү сувенирлерди жасайт. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Анын айтымында, бул иш менен алектенгенине 1 жыл болду.

«Бул өнөрдү интернеттен көрүп, кызыгып үйрөндүм. Катуу кагаздан үй жасоо бат жана оңой болуп, 2 сааттын ичинде жасалып бүтөт. Ал эми ширеңкеден кичинекей үй жасоо үчүн 4 саат убакыт сарпталып, 2 кутуча ширеңке керектелет. Алдыда ширеңкеден «Таш-Рабатты», Париждеги Эйфель мунарасын жасайын деген оюм бар. Мындан сырткары, мектепте дилбаян жазып, алдыңкы орундарды алып келем. Келечекте адамдын укугун коргогон юрист болгум келет», - деди ал.

Кубандык үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. Учурда К.Керималиев атындагы мектепте 7-класста окуйт. Атасы Т.Калгаев айылдын мал доктору. Апасы Д.Нарматова дүкөн иштетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 451
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×