При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Фото - Кочкордогу мектепти 20 жыл мурун аяктагандар 5 балалуу майып айылдашына үй куруп беришти

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебин мындан 20 жыл мурда аяктаган жигиттер 5 балалуу майып айылдашына үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ушул жылдын 8-майында 3 жылдан бери төшөктө жаткан Жолдошбек Казаков үчүн кубанычтуу күн болду. Анткени, ал 5 баласы, апасы жана жубайы менен жаңы курулган үйгө кирүү бактысына ээ болууда.

Демилгечилердин айтымында, курулушка 400 миң сом сарпталды. Бул каражатты классташтар чогултуп, курулуш иштерин дагы өздөрү жүргүзүшкөн. Мындай кайрымдуулук кылган жигиттерге айыл тургундары ак батасын берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2282
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Visor
09:38, 12 мая 2017
Эл баккан эр азаматтар! Аман болгула!
Көп окулду
×