Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Түптүк К.Мусаев чиновниктерге шамандардын музыкалык аспаптарын жасайт (фото)

Turmush -  Түп районунун Күрмөнтү айылында жашаган сүрөтчү Кадыр Мусаев эчкинин терисинен шамандардын музыкалык аспаптарын жасайт.

Turmush басылмасынын кабарчысына өзү маалымдагандай, 40 жылдан бери түрдүү азем белектерди жана музыкалык аспаптарды жасоо менен алек.

«Мен көбүнчө кыргыздын байыркы буюмдарына басым жасайм. Биздин эл көчмөн калк болгон жана бир жайыттан экинчи жайытка көчүп жүрүшкөн. Алар кыздарын турмушка узатып, өздөрү алыс жактарга көчүп кетишчү. Кызы туулган жерин сагынбашы үчүн көөкөргө (кымыз куюуга колдонгон идиш) туулган жердин топурагын салып, ага беришчү. Кыз өз жерин сагынганда ошол көөкөрдү алып чыгып, топуракты жыттачу. Мындай идиштерди азыр колдонмок турсун, жасабай дагы калышты», - дейт Кадыр Мусаев.

Шамандардын музыкалык аспабын даярдоо үчүн Кадыр Мусаев өзгөчө кам көрөт. Ал эчкини таза багып, ага экологиялык таза тоют берет. Мындай учурда эчкинин териси жакшы иштетилет.

«Добулбас — шамандардын байыркы аспабы. Мен рухумда шаман болгондуктан мындай аспапты даярдоо мага рахат тартуулайт. 1 жылда 1-2 аспап жасайм. Менде чоң атамдан өткөн жөндөм бар. Аспаптарды жасаганга чейин алгач материалдарын даярдайм. Ал эми, аспапка чегилген сүрөттөрдүн өзүнүн мааниси бар. Мисалы аспапта 8 жылдыз, шаман, тоолор, тамактар, аба, жылдыздар, космос жана башкалар тартылган», - деди уста.

Анын жасаган аспаптарына көпчүлүк учурда чет элдиктер кызыгышат. Мындан тышкары, акыркы убактарда чоң кызматтагы адамдар кызыгып, шамандардын музыкалык аспаптарын белек кылуу үчүн же өзүнүн кеңсесине коюу үчүн сатып алууда. Бул аспаптарды жасоого ага жубайы жардам берет.

К.Мусаев кесиби боюнча сүрөтчү-коюучу. Бирок кесиби боюнча иштеген эмес. Ага элдик искусство жакыныраак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1710
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу