Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Фото - Нарында «Өлбөс полк» акциясы өттү

Turmush -  Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата «Өлбөс полк» акциясы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара саат 9:00дө башталып, «Жеңиш» паркынан «Тянь-Шань» паркына чейин жөө жүрүш болду. Ага миңге чукул адам чогулуп, согуш ардагерлери, жергиликтүү тургундар катышты.

Анын алкагында өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларын куттуктады. Ошондой эле, согуштан курман болгондорго багышталып куран окутулду.

Жөө жүрүш аяктагандан кийин согуш жылдары театралдаштырылып көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 716
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу