При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 28-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: И.Мадиева Казыбек айылында узун чачтуу кыздардын катарына кирди (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 18 жаштагы тургуну Индира Мадиева узун чачтуу кыздардын катарын толуктайт. Анын чачынын узундугу белинен ашат. Индира менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 6 жылдан бери чачын кыркпай өстүрүп келет.

«Мен чачымды 12 жашымдан бери өстүрүп келем. Аны кара өңгө дайыма боёп турам. Чачыма өзгөчө кам көрүп же атайын витаминдүү каражаттарды деле колдонбойм. Көбүнчө өрүп жүрөм. Айылда же шаарда жүргөндө кээ бирөөлөр чачыма кызыгып, аябай суктанышат. Кээде "чачың кошулганбы же өзүңдүкүбү?" деп сурап, кармап да көрүшөт. Узун чач аялзатынын көркү эмеспи. Ошондуктан мындан дагы узун кылып өстүрөм деген оюм бар. Үй-бүлөдө сиңдим экөөбүздүн чачыбыз узун. Келечекте аскер кызматкери болгум келет», - деди ал.

И.Мадиева үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси. Аталган айылдагы Н.Үсөналиев орто мектебинде 11-класста билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 809
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×